Ысык-Атада 48 баш кой уурадалып, шектүүлөр кармалды

7 декабря 2020 12:12 1193 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Атада мал уурулукка шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

1-декабрда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун, 61 жаштагы Б.К., кайрылган, ал 2020-жылдын 29-октябрынан 30-октябрына караган түнү, белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган, анткени Чүй облусунун Ысык-Ата районунда айылдарынын биринен ар кандай түстөгү 48 баш кой уурдалганын билдирген.

Аталган факт Ысык-Ата районунун Ички иштер бөлүмүнүн КЖБР катталып, кылмыш-жаза кодексинин 200 (уурдоо) фактысы менен, сотко чейин өндүрүш башталган. Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн, Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын жана Ысык-Ата районунун кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдү издөө боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Ыкчам кызматкерлер жакынкы аймактарды териштирип, күбөлөр менен сурамжылоо жүргүзүшүп, “Коопсуз шаар” долбоорунун коопсуздук камераларын колдонуп, уурдалган мал ташылган унаанын маркасын аныктап, андан кийин кылмыш жасаган шектүүлөр аныкташып. Алар 24 жаштагы М.Р., 18 жаштагы Ч.А. жана М.З. РИИБнө Тергөө кызматына жеткирилген.

Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө уурдалган малды сатып алган адам аныкталды, ал. К.Э. аттуу деген жаран болуп чыкты, ал тергөө учурунда өз ыктыяры менен жабырлануучу Б.К.га 15 баш койду кайтарып  берген.

Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренеси негизинде 2 шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан тышкары, жогоруда аталган адамдардын ушул сыяктуу 7ге жакын мал уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги белгилүү болуп, алар боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иши  уланууда.


Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-atada-48-bash-koj-uuradalyp-shektlr-karmaldy



Добавить комментарий