Ысык-Ата районунда азият түспөлүндөгү аялдын жансыз денеси табылды. Өлүмү белгисиз болууда
Поделиться в:
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жашы болжол менен 25-30 чамалардагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук ИИБдин басма-сөз кызматы билдирди.
1-январь күнү саат 16:25 чамасында ички иштер бөлүмүнө Ысык-Ата районундагы айылдардын биринде адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат Тартип бузуулардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя болгон жайга ыкчам-иликтөө тобу чыгып кеткен. Ал аймактан 25-30 жаштагы азиат түспөлүндөгү аялдын жансыз денеси табылган.
Окуя боюнча экспертиза дайындалып, аялдын денесинен эч кандай шектүү кылмыш тактары табылган эмес. Учурда анын аты-жөнү такталууда.
Добавить комментарий ×