Небересин зордуктаган киши тергөө абагында муунуп өлдү

11 мая 2019 09:53 22343 7 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Ата райондук ички иштер органдарына 7-майда Киргшелк айлынын 24 жаштагы тургуну Р.Е арыз менен кайрылган. Аял өзүнүн кичинекей кызын зордуктаган атасына карата чара көрүүнү суранган.

Бул иш Жордуктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 162-беренеси- “сексуалдык мунөздөгү зомбулук аракеттери” боюнча катталып, сотко чейинки тергөө башталган.

Ошол эле күнү 55 жаштагы Р.С. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сурак маалында эркек киши 2017-жылдан бери кызы жумушка кеткенде анын кичинекей балдарын карап турарын айткан. Ушул жылдын апрель айында ал улуу небере кызы менен интимдик темада сүйлөшүп жана порнографиялык мүнөздөгү фильмди көрсөткөн.

Ошондон кийин ал кызды бир нече ирет зордуктаган.

8-майда ага карата  Ысык-Ата райондук сот эки айга камоо боюнча чечим чыгарган.

10-майда 06.50дө ал тергөө абагында муунуп өлгөн.Жанынан жакындарынан кылган ишине кечирим сураган кат табылган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-ata-rajonunda-55-zhashtagy-kishi-neberesin-bir-neche-iret-zorduktagan



Добавить комментарий