Ысык-Көлдө пробация департаменти менен ИИМ кызматташуусу талкууланды

17 февраля 2020 12:37 569 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусунун УКМК, ИИМ жана Пробация департаментинин өкүлдөрү мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин басма сөз кызматы билдирди.  

2020-жылдын 3-февралында Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын жетекчилиси Эрнист Намазбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык- Көл облусу боюнча башкармылыгынын башчысы Бакыт Абдылдаев жана Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Улан Асанбаев менен кызматтык жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушууда мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Ведомстволордун ортосунда пробациянын кардарлары тарабынан укук бузуулардын кайра жасоосун эскертүү боюнча 2020-жылга иш-чаралардын планы бекитилди. 

Ошондой эле, пробация органдарынын кызматкерлеринин арасында коррупциялык укук бузууларды болтурбоо жана жоюу маселелери каралып, “Коррупцияга каршы аракеттенүү” темасындагы сабактарды өткөрүү макулдашылды.

Ссылка: https://barometr.kg/yssyk-kld-probaciya-departamenti-mnen-iim-kyzmattashuusu-talkuulandy



Добавить комментарий