“Ыржың кызга тыржың күйөөбү?” Жалгыз бой адамдар кантип жакшы түгөй тапса болот?

19 апреля 2022 11:22 4477 Barometr
Поделиться в:
ok

Сүйүү... Чыныгы сүйүү деген эмне? Ар бир адамга сүйүүнүн аныктамасы ар башкача түшүнүктү берет. Бул терминге жалпы аныктама бергенге аракет кылып көрөлү. Сүйүү-бул кайсы бир адамга карата болгон эмоция, сезим, байлануу.

Азыркы учурда көпчүлүк адамдар өздөрүн жалгыз сезишет.Алар чыныгы сүйгөн адамга жолугушуп бактылуу болууну кыялданып коюшканы менен жашоодо жалгыз. Мунун себептери эмнеде? barometr.kg буга жооп издеп көрдү.

Психолог адистер жалгыз бой адамдардын эң башкы маселеси-отуруп алып ордунан жылбай сүйүүнү күткөнүндө деп эсептешет. “Мени кимдир бирөө сүйүп калсын, андан кийин аны көрө жатам”,-деп ойлонушат. Ошондуктан сүйүүнү кийинкиге сактабай учурда аракет кылыңыз!

Эгерде сиз учурда жалгыз бой болуп жатсаңыз сүйүктүү адамды кантип табуу керек?

Эң эле биринчи кезекте өзүңүздүн жалгыздыкка түрткөн себептерди аныктап чыгыңыз! Балким сиздин мүнөзүңдө адамдар менен тил табыша албоочулук, же бала кезден калган психологиялык травма бар. Балким өзүмчүл адамсыз. Мунун баары сүйгөн адамды кездештирүүгө тоскоолдук жаратат.Кантип оңолом деп сурап жатасызбы, бул жаатта иштеген психолог адистердин мыктысын табыңыз, бир нече убакыттан кийин жашоого карата көз карашыңыз өзгөрүп таптакыр башкача адам болуп чыга келесиз.

Чөйрөнү өзгөртүңүз, жакшы маанайда жүргөн, сизди алдыга сүрөгөн, шыктандырган адамдарга кошулуңуз.”Сыныктан башкарсынын баары жугуштуу” деп коюшат кыргыздарда. Сиздин айланаңыз сиздин жашоого болгон көз карашты, адаттарды калыптандырышат.

 Адамды сүйдүрө турган сапаттарга ээ болуңуз! “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” деп коюшат. Канчалык жакшы сапарттарыңыз көп болсо ошончолук жогорку деңгээлдеги мырза же айым менен таанышып, ал сизди сүйүшүнө жол ачасыз.

“Ыржың кызга тыржың күйөө” деген макал бар, мунун түпкү психологиялык маанисине  карай келгенде өзүңүз кандай болсоңуз ошондой адамды жашооңузга тартып келесиз деген сөз. Ошондуктан кулк-мүнөзүңүздү жакшы жагына гана өзгөртүүгө аракет кылыңыз. Себеби адамдын жашоого жаралгандагы эң башкы вазийпасы-жакшы жагына өнүгүү!

Эн акырында айтарыбыз, эгер сүйүүнү издеп жатсаңыз, аны издегенден эч качан талбаңыз!

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/yrzhy-kyzga-tyrzhy-kjb-zhalgyz-boj-adamdar-kantip-zhakshy-tgj-tapsa-bolot



Добавить комментарий