Садык Шер-Нияз: "Арам саясатчыга элдин эртеңи кызыктырбайт"

15 августа 2019 16:09 1935 3 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламенттин депутаты Садык Шер-Нияз слциалдык тармактан арам саясатчыларга алданбоого чакырды.

"Социалдык желеде түндүк түштүк маселеси көбөйүп кеткендей (ылайым эле мен жаңылып калайын)

Деги эле регионализм кимге керек? Биринчи кезекте саясатчыларга. Болгондо да элди өз дарамети менен алдыга үндөп жүргөн саясатчыга эмес. Арам саясатчыга. Ал саясатчыны элдин эртеңи кызыктырбайт, бир күндүк олжосу үчүн баарына даяр бузуку, бир заматтагы кызыкчылыгы үчүн ата-бабанын арбагын аттаганга кайыл наадан, ар кандай ыплас жол менен калктын кутун учурат, ушак сөз сүйлөйт, колтукка суу бүркөт. Карапайым элди удургутуп, бирди эки кылат, караламан калктын ишенчээктигин, ак ниетин, түз пейилин кара ниеттик менен пайдаланат. Мындай нерсенин арты оор болот, бир элдин бөлүнүшү таштын жаракасындай, бир кетсе оңой менен бирикпейт. Жыйынтыгы уу жуткан менен барабар. Сак бол замандаш. Ар бир жаңылыкты сабыр калчап, анализдеп кабыл ал. Сени пайдаланып жатышат. Жакшы күндөрдө көрүшөлү!", - деп жазды депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/yrys-aldy-yntymak



Добавить комментарий

  • Акылбек 5 лет назад
    Эн туура айтылган соз. Кеп жок айтканынызда.Бузуку Эл бузаар журт бузаар саясатчылардан сак бололу туугандар.
  • Таалайбек 5 лет назад
    Арам саясатчылардын аттарын ачык эле айтып койсончу. Баарын билбесен да кобун билерсиз?
  • Эн туура айтылган,аллахым баарыбызга ынсап,ыйман берсин.