Соттор кадимки режимде иштеп жатат

23 марта 2020 12:31 1262 Barometr
Поделиться в:
ok

Соттордо алдын алуу иштери күчөтүлүп, имараттарды дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.  

Буга байланыштуу, коопсуздук максатында тараптарды сот мекемелерине  медициналык беткаптар  менен келүүгө чакырабыз. Сиз эреже жана тартипти сактоо менен Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылып кетпешине өзүңүздүн салымыңызды кошо аласыз. 

Белгилей кетүүчү жагдай, коопсуздук  чаралары  соттордун  иштөө режимине эч кандай таасирин  тийгизбейт. Анткени,  мыйзамдарда арыздарды берүү, сот актыларына даттануу, бөгөт коюу чарасын  аныктоо жана башка процесстик аракеттер үчүн  ар кандай мөөнөттөр каралган. 

Ошону менен катар  эскерте кетүүчү жагдай, эгерде коомдук транспорттордун чектелгендигине  байланыштуу сот процесстерине келүүгө  кыйынчылыктар  жаралса,  тараптар каршы пикирлерин жана жүйөлөрүн почта аркылуу жиберүүгө, же  болбосо жогорку инстанцияларга жөнөтүү үчүн  жашаган жери боюнча  соттордун канцелярияларына кат түрүндө тапшырууга  укуктуу.  

Ошону менен бирге, вирустун жугушун алдын алуу максатында сот залдарына иш боюнча тараптар - доогерлер, жоопкерлер, айыпталуучулар, жабырлануучулар жана алардын жактоочулары, өкүлдөрү, мамлекеттик айыптоочулар гана киргизилерин маалымдайбыз.   Ушул себептен башка жарандарды  ачык сот отурумдарына катышуудан кармануусун суранабыз. 

 Маалымат иретинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кассациялык инстанциядагы сот болуп эсептелгендигине жана мыйзамдарда белгиленген негизде жана тартипте укук нормаларын колдонуунун тууралыгынын маселеси боюнча сот актыларын кайра карагандыгына байланыштуу ишти кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарланган ишке катышуучу жактардын кассациялык инстанциядагы соттун жыйналышына келбегендиги ишти териштирүүгө тоскоол болбойт. 

Ссылка: https://barometr.kg/yrgyz-respublikasynyn-sot-organdary-shtattyk-rezhimde-ish-alyp-baruuda



Добавить комментарий