Ырчыга бай парламент болот деп күтсөк. Бек Борбиев да шайлоого барбай турганын айтты
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев дагы шайлоого барбай тургандыгын айтты. Бул тууралуу ырчынын соц тармактагы баракчасына берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
“Достор, мени жакын арада парламенттен көрө албайсыздар. Башка саясий көз караштагылар мага оз оюңарды таңуулагандан алыс болгула. Мен азыркы жарыштагы үч партияга гимн жазгам, жана жаза берем. Эгерде менден жакшы жазсаңар анда жаза бергиле, конкурсттук негизде тандап алышат. Шайлоодо бирөөнү күчкө салып добушун ала албайт, баары демократия жолунда, андыктан каалаган партияга добушуңузду бериңиз. А менин тандоом, бул менин тандоом, ага эч кимдин жологонго акысы жок”, - деп билдирүү калтырды ырчы Бек Борбиев.
Буга чейин ырчынын “Мекеним Кыргызстан” партиясы өткөргөн съезд учурундагы сүрөтү жарыяланып, Бек Борбиев парламентке барат деген божомолдор айтылган.
Добавить комментарий ×