Ырчы Жастин Бибер айыкпас дартка чалдыкты
Канадалык белгилүү ырчы Жастин Бибер лайма оорусуна чалдыкканын өзү Instagram баракчасына жарыялады.
"Мына, көптөгөн киши Жастин Бибердин кебетеси кетип калыптыр, метамфетаминди колдонуп жүрөт. Бирок алар мага жакында эле лайма дартына чалдыкканым боюнча диагнозду билишпейт. Андан сырткары өнөкөт мононуклеоз оорусуна да кабылыптырмын. Анын кесепети териме, мээнин иштешине, жалпысынан ден соолугума терс таасирин тийгизди", — деп жазды ал.
Бибер андан сырткары акыркы эки жыл ал үчүн абдан оор болгонун, ошентсе да туура тамактануу менен "айыкпас дарттан" акырындык менен кутулуп жатканын белгилеген.
Лайма дарты жугуштуу оору. Бул дартты беш бактерия козгойт. Алар кененин чагым алуусунан улам жугат.
Жастин Бибер 1994-жылы 1-мартта туулган. Ал поп-R&B жанрында ырдайт.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-zhastin-biber-ajykpas-dartka-chaldykty
Добавить комментарий ×