Видео. Ырчы Жанин: "Айчүрөк Иманалиеванын кара мушунун 4 жыл жасасам да жакшылык көргөн жокмун, ырдатпай койду"
Кыргыз эстрадасынын ырчысы, "Кыз бурак" тобунун солисти Жанин Ахунжанова Адыл Акжол уулунун ютуб каналына берген маегинде өзүнүн 25 жылдык чыгармачылыгы жана үй-бүлөсү, жеке жашоосу тууралуу айтып берген.
Жанин эң алгач "Биз" тобунда урма аспаптарда ойногон анан "Кыз бурак" тобунда ырдап жүргөндөн кийин Айчурөк Иманалиеванын театрына иштөөгө өткөн.
Ага сизге чыгармачылык жолдо кандай тоскоолдуктар болду эле? деген суроо узатылганда ал:
"Ал тууралуу айтсам азыр чоң уруш чыгып кетет болуш керек. Айчүрөк Иманалиеванын эстрада театрында 4 жыл иштедим, үйүндө жашадым. Чынын айткандан андан кыйынчылыкты көп көрдүм, жакшы жагына чыга алган жокмун. Өзү таланттуу эже бирок мени ырдатып чыгарып жиберген жок, ырдатчу да эмес. Айчүрөк эженин үйүндө жашачумун, тамак-ашынын баарын мен жасачумун, кара жумуштун баарын кылчумун", -деп ырдап чыгуу, ырчы болуу үчүн кандай кыйналганын айтып берген.
Өз сөзүндө ырчы Жанин:
"Рафаел деген байке келчү эженин үйүнө концертке даярданганга. Бизди киргизчү эмес, кирбегиле дечү. Бир күнү Алматыдан чалуу болуп калып айла жок кирүүгө туура келип калды да анан кирдим. четте турсам Рафаел байке ырдачы деп ырдатты да "кокуй ай укмуш ырдайт турбайсыңбы" деген да Айчүрөк Иманалиева сүйлөшүп бүткөндөн кийин дагы бул соонун ырдайт турбайбы деп айтып салды. Ошондон кийин мен бир да ырдабай калдым", -деди.
Жанин Ахунжанова маек учурунда Айчүрөк Иманалиева тарабынан тоскоолдуктарды көрсө ырчынын баласы да бир топ запкы жегенин айткан.
Добавить комментарий ×