Ырчы "өтө жаш жана өтө кары студенттер" музыкалык билимге ээ болушту
Ырчы Нурмат Садыров Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуусун аяктап дипломдук ишин жактады. Бул тууралуу жакшы жаңылыгы менен Нурмат өзү кабарлады.
Садыров аталган окуу жайдын учурдагы деканы, КРнын Эмгек сиңирген артисти, билим берүү жана маданияттын отличниги Асель Турдалиева менен түшкөн видео тасмасын бөлүштү.
Видеодо Турдалиева:
“Мени уят кылбай, кафедраны уят кылбай дипломдук ишиңерди мыкты деңгээлде жактаганыңар үчүн силерге дагы рахмат. Толук кандуу дипломдуу специалист болушуңар менен куттуктайм. Өтө жаш жана өтө кары студенттер”, -деп тамашага салган.
Декан өз учурунда студенттерине чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.
Ал эми Нурмат Садыров өзү бул тууралуу:
“Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин мугалимдерине ыраазычылык билдирем”, -деген.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-t-zhash-zhana-t-kary-studentter-muzykalyk-bilimge-ee-bolushtu
Добавить комментарий ×