Сыймык Бейшекеев: Шаарды каптаган ыштан кантип кутулабыз? Унааларды токтотуп коюп жөө жүрөлүбү?

6 января 2021 17:18 4141 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Сыймык Бейшекеев Бишкек шаарын каптаган ышка тынчсызданып, калаа тургундарын жардамга чакырды. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Минген унаамдын аба чыпкасы (воздушный фильтр) көөгө толуптур, мурда мотор майын 4-5 жолу алмаштыргандан кийин которчу элем чыпканы, азыр 8 миң чакырымдан кийинки кебетеси адам ыйлаарлык, бул чакырымдын жарымы айылда, Ысык-Көлдө жүрдү, ошондо 4 миң чакырымда ушундай болуптур, туй ата, байкуш өпкөлөрүбүз тили болсо ашатып эле сөкмөк экен, эмне кылабыз туугандар? Унааларды токтотуп жөө жүрөлүбү, кантип жардам кылабыз шаарга?”, - деген суроо салды ырчы.



Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-syjmyk-bejshekeev-shaardy-kaptagan-yshtan-kantip-kutulabyz-unaalardy-toktotup-koyup-zh-zhrlb



Добавить комментарий