Ырчы Самара Каримова селден жабыркаган Лейлек районуна барып жардам көрсөттү - видео
Ырчы селден жабыркаган Лейлек районуна барып, жардамга муктаждарга азык-түлүк таратты. Бул тууралуу ырчы өзү билдирди.
Эске салсак, май айынын башында Лейлек районунда сел жүрүп, бир катар айылдарды сел каптаган. Жалпы келтирилген чыгым миллиондогон сомду түзөт.
"Ыйык Рамазан күнүндө, Аллахым ыраазы болсун! Лейлек районунун акими Баймурат Асатович ава сизге да чоң рахмат, эл менен болуп күнү-түнү иштеп жатасыз. Үй-бүлөбүздүн атынан Лейлекте табият кырсыгы - сел апаатынан жабыр тарткандарга 6 тонна ун, 1 тонна май, 500 кг макарон таркаттык. Чындыгында жапа чеккендер абдан көп. 100дөн ашык үй-бүлөгө өз колубуз менен, жеринде барып көрүп бердик! Кайрымдуулук иштеримди эч качан жарыялаган эмесмин, бул жолу тартып көрсөтүүнү туура көрдүм! Алган колдон берген кол артык дейт, берүүчү кол бололу замандаш. Тилсиз жоодон жабыркаган мекендештерге кол суналы. Көп түкүрсө кол болот, тамчыдан көл куралат. Биримдик баарын жеңет!" - деп ырчы жалпы элге кайрылды.
Добавить комментарий ×