Ырчы Сайкал Садыбакасова эми режиссёр болот
Ырчы Сайкал Садыбакасова экинчи кесиптин ээси болду. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып “Барометр” билдирет.
Таланттуу ырчы Сайкал Садыбакасова быйыл Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинин «ТВ, РВ режиссёру» бөлүмүн ийгиликтүү аяктады.
“Биринчи кесибим юрист болсо, экинчи кесибим режиссёр. Экинчи диплом болсо да, алгачкыдай толкундандым”, - деп ырчы айым дагы бир ийгилиги менен бөлүштү.
⠀
Белгилей кетсек, ырчы Сайкал Садыбакасова легендарлуу “Быз-Бурак” тобунун мүчөсү жана КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын кызы.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-sajkal-sadybakasova-emi-rezhissyor-bolot
Добавить комментарий ×