Ырчы Омар Жанышов "Даңк аллеясынан" жылдыз алды

6 мая 2019 10:07 1926 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кечээ, 5-май күнү “Азия Молл” соода борбору уюштурган “Даңк аллеясынан” ырчы Омар Жанышовдун да жылдызы орун алды.

КРнын маданиятынын мыктысы, Алла Пугачёванын “Алтын жылдызынын” ээси Омарга эми “Даңк" аллеясынын да жылдызы ыйгарылды. Жылдыз ыйгарылгандан кийин ырчы:

“Жалпыңыздарга ыраазычылык билдирем. Буюрса, балдарым чоңоюп көрүшөт деп ишенем”, -деп рахматын айтты.

Ыйгаруу жана жылдыздын бетин ачуу аземи бүткөндөн кийин Омар жана анын сахналаш достору Арсен, Бек Исраилов, Илима жана Толгонай Арзыкеева өздөрүнүн ырларын ырдап көпчүлүккө көңүлдүү маанай тартуулашты.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-omar-zhanyshov-dak-alleyasynan-zhyldyz-aldy



Добавить комментарий