Сүйүнчү! Ырчы Омар уулдуу болду

15 февраля 2021 09:37 10033 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Омар уулду болуп коомчулукка сүйүнчүлөдү. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой ырчынын жубайы кече, 14-февралда Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарган.

“Сүйүнчү! Урматтуу кыргыз элим. Мен уулдуу болдум.

Уулума чын жүрөгүмдөн кең келечек каалайм. Кыргыз элинин керегине жараган эр азамат уулдардан болуп чоңойсун.

Ал эми, уулума учурда ысым тандап жатабыз. Менин катталуучуларыма кайрылып кетерим, кыргызча, мааниси терең ысымдардан сунуштасаңыздар болот”, - деп жазды ырчы.

Ага утурлай эле, ырчынын кесиптештери Мирбек Атабеков, Анжелика баш болуп, Омарды уулдуу болушу менен куттуктап, ымыркайга кең келечек каалаган билдирүүлөрдү калтырып жатышат. 

Эске сала кетсек, ырчы жубайы Диана экөө 2017-жылы баш кошуп, 2019-жылы 13-февралда кыздуу болушкан.





Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-omar-uulduu-boldu



Добавить комментарий