Ырчы Неля арыктоонун сырлары менен бөлүштү
Сүйкүмдүү жубай, эки баланын бактылуу энеси, ырчы Неля Нуркулова ар дайым айымдарга жоолук салынуу, кийимди туура айкалыштырып кийүү боюнча пайдалуу кеңештери менен бөлүшүп келет.
Айымдар көпчүлүк учурда толуп кетпеш үчүн ар кандай ыкмаларды, диеталарды, физикалык көнүгүүлөрдү жазап келишет. Ырчы да бул ирет суу менен арыктоого жана көп ооруларды алдын алуу боюнча кеңешин берип социалдык баракчасына жазды.
“Суу менен көп оорудан айыгып, арыктаса болот.
Биздин организмибиздин 2/3 бөлүгү суудан турат. Күн сайын дем алуубузга эле 2-3 стакан суу өзүнөн-өзү сарпталып жок болот. Ден соолуктун чың болушу жана теринин эрте картайбашы үчүн окумуштуулар ар бир адамга күн сайын 6-8 стакан суу ичип турууну сунушташат.
Дарылыгы
Заманбап жашоодо сууну эртең менен эрте туруп ачкарын ичсе дарычылыгы болору көпчүлүккө белгилүү. Суунун дарылык касиети бар экендиги илимий изилдөөдө да далилденди. Белгилүү болгондой, суу менен коп ооруларды алдын алып, айыктырууга болот.
Эртең менен ойгонор замат бир стакан сууну ачкарын ичиңиз.
Андан кийин тишти жууңуз. Бирок 30 мүнөткө чейин эч нерсе ичип-жебеңиз.
Жарым сааттан соң кадимкидей тамактаныңыз. Жашооңуздагы бузулгус эрежеге айлантып коюңуз.
Арыктагыңыз келсе... Сиз өзүңүздү ачка сезген учурларда, чындыгында, ачка эмес, суусап жаткан болушуңуз да ыктымал. Бирок сиз аны сезбестен, "ачкамын" деп ойлоп тамактанасыз. Ошондуктан, алгач суу гана ичиңиз. Эгерде ачкалык өтүп кетсе, демек, чын эле суусап жаткансыз. Бул ыкма арыктагысы келгендер үчүн жакшы. Анткени, суу ичип курсагы ачканын сезбей калат да, тамакты аз иче баштайт.
Тери жаш, сулуу болуш үчүн...
Сууну күн сайын жетиштүү ичүү терини дайыма суу менен камсыздап, анын серпилгичтигин жоготпойт. Демек, бырыш эрте түшпөйт. Суу организмдеги ар кандай уулуу заттарды (токсиндер) айдап чыгарат. Ал эми суу жетишпесе, дал ошол уулуу заттар организмге чогула берет да, акырында алар тери аркылуу чыгууга аракет кылышат. Мунун натыйжасы безеткиге, экземага алып келет", - деп кеңешин жазды.
Ден соолугңуз чын болсун!
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-nelya-aryktoonun-syrlary-menen-blsht
Добавить комментарий ×