Ырчы менен клипмейкердин чыры. Эрнис Сыдыков: "Мышык майга жетпей сасык дептир"
Ырчы Нуркыз Кожонова менен клипмейкер Эрнис Сыдыковдун пикир келишпеги тууралуу маалыматтар интернет булактарына тараган күндөн тарта ар ким ар кандай божомолдорун айтышууда. Кээ бирлер ырчыны колдоого алышса, башкалар Эрнис андай жигит эмес деген пикирлерин бербей турушууда. Клипмейкер бул сөздөргө эч кандай жооп кайтарган жок. Бирок Эрнис Сыдыков бир видео менен көпчүлүккө тиешелүү кыйыр жооп бергенин байкадык. Ал баракчасына кичинекей күчүктүн чоң атка үрүп жатканын бирок ат эч кандай реакция көргөзбөстөн турганын жүктөп:
“Салам достор, бул видео мага өтө жагат, себеби мага негатив жараткандарды мен салыштырмалуу ушундай эле көрөм. Видеону аягына чейин көрүп бир каткырып күлүп алыңыздар. Мышык майга жетпей сасык дептир”, -деп бөлүштү.
Сыдыков видеону кимге жана эмне үчүн чыгарганын ачык айтпаса да акыркы болуп жаткан окуялардан кийин көпчүлүк күткөн жооп ушул болгондой болду. Айрымдар "Нуркыз Кожоновага тийиштүү эмеспи?",- деп сураганга да жетишишти.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-menen-klipmejkerdin-chyry-ernis-sydykov-myshyk-majga-zhetpej-sasyk-deptir
Добавить комментарий ×