Ырчы МакSимдин абалы жакшырды, жаңдап сүйлөшүп жатат

27 июля 2021 10:06 1427 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиялык ырчы Марина Абросимова эсине келди жана белги берип жанындагылар менен сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу Mash тelegram-каналы маалымдаганын “Барометр” билдирет.

“Ал белги берип сүйлөшүп жатат, акыл-эси тунук. Дарыгерлер Маринаны дары менен уктатуудан ойготушуп, өз алдынча дем алабы текшерип көрүштү. Ырчы жесттер менен жаңдап сүйлөштү. Өз алдынча дем алып жатат ошентсе да, дем алуусу бир калыпта болсун деп өпкөгө кошумча аба берүүчү аппаратка туташтырылды.Абалы мурдагыдай эле оор бойдон сакталууда, дарыгерлер жакында баары жакшырат деп үмүт кылышууда”,-деп кабарлады Mash.

Буга чейин ырчынын абалы акырындап жакшырып бара жатканы кабарланган.

Эскерте кетсек, 38 жаштагы ырчы МакSим 17-июнда коронавирустан жабыркап ооруканага түшкөн, бир нече күндөн кийин ал жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган, абалы оор бойдон калып жатканын буга чейин ЖМКлар кабарлап келишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-maksimdin-abaly-zhakshyrdy-zhadap-sjlshp-zhatat



Добавить комментарий