Ырчы Лутфилла Бусурманкул уулу кыздуу болду
Поделиться в:
Ырчы, продюсер Лутфилла Бусурманку уулу кыздуу болду. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасына калтырган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Лутфилла Бусурманку уулунун жубайы 3-ноябрь күнү эртең менен Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарган.
Түгөйлөр буга чейин эки уулга тарбия берип келишкен.
Кыздуу болгонуна кубанган ырчы соцтармак аркылуу калың элге сүйүнчү айтты.
“Кутман таң, кыргыз элим!
Сүйүнчү, сүйүнчү мен кыздуу болдум. Биз бешөө болдук. Аллахыма чексиз шүгүрлөр болсун. Кубанычымда чек жок”, - деп жазган ал.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-lutfilla-busurmankul-uulu-kyzduu-boldu
Добавить комментарий ×