Ырчы Кундуз Канатбек кызы наристесинин салмагын, боюн жана ким деп ысым ыйгарганын айтты

26 февраля 2019 12:22 5964 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Ырчы Кундуз Канатбек кызы үстүбүздөгү жылдын 20-февралында көз жарып эне статусуна ээ болгону баардыгына маалым. Ал эми бүгүн, 26-февралда ырчы кызына Алия деп ысым ыйгарганын кабарлады. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына жазып чыкты.

Анын жеке баракчасынан кызынын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат камтылган сүрөттү көрүүгө болот. Ал жерде ырчынын жолдошу экөөнүн аттары кооздолуп жазылган. 

"Биздин биринчи метрикабыз. Алия", -деп баяндама жазып койгон.

Сүрөттөн ырчы кызына Алия деп ысым ыйгаргандыгын, ал 3 кило 600 грамм салмак менен бою 54 см болуп төрөлгөнүн көрүүгө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-kunduz-kanatbek-kyzy-naristesinin-salmagyn-boyun-zhana-kim-dep-ysym-yjgarganyn-ajtty



Добавить комментарий