Ырчы Каныкей көзүнө сурма жасатканбы? "Жылдар өткөн сайын адамдын көзү ачылат окшойт"

2 февраля 2019 12:02 3445 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Инстаграм интернет булагында 10 жыл мурдагы жана азыркы учурду салыштырган "10жылмурда" жеген челлендж актуалдуу болууда. Бул челледж чындыгында көпчүлүкө аты таанымал адамдардын убакыт өткөн сайын кандай өзгөргөндүгүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк ачты.

Өзгөчө стилдүү ырчы Каныкей да өзүнүн баракчасына 11 жыл мурдагы жана азыркы учурдагы сүрөтүн жүктөп:

"Урматтуу окурман көзүмө пластикалык операция жасатканым жок. Болгону жылдар өткөн сайын адамдын көзү ачыла баштайт окшойт да", -деп баяндама жазып койду.

Сахнадан бираз алыстап кеткен ырчынын күйөрмандарынын көпчүлүгү "ооба, 2 балалуу болсоң анан көзүң ачылат ушундай" деген өңдүү тамашалуу пикирлерин калтырышты.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-kanykej-kzn-surma-zhasatkanby



Добавить комментарий