Ырчы Кайрат Нуртас мас абалында күзөтчүнүн мурдун сындыра койгон

9 сентября 2020 15:33 887 Barometr
Поделиться в:
ok

Жакында Актау шаарында Rixos Water World жаңы курорттук мейманканасында казак ырчысы Кайрат Нуртас кайрадан чуулгандуу окуяга туш болду. Бул тууралуу e-gazet.kz басылмасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

 Бул жолу элдин сүймөнчүгү мас абалында мейманкананын коопсуздук кызматынын өкүлүнө кол көтөргөн.

Чыр-чатак учурунда ырчы Кайрат Нуртас  күзөтчүнү оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Кийин белгилүү болгондой, ырчы күзөт кызматкеринин мурдун сындыра койгон.

Эскерте кетсек, буга чейин Кайрат Нуртас мындай чуулгандуу окуяларда бир эмес, бир нече жолу көрүнгөн.

Жакында эле интернет колдонуучулар тарабынан тартылган видео соц тармакка таркап кетти. Анда ырчы мас абалында Актауда жайгашкан (жогоруда чыр чыккан) Rixos Water World мейманканасынын жээгинде уулдары менен ойноп жатканын көрүүгө болот. Андан кийин видео интернет желесинен өчүрүлүп калган.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-kajrat-nurtas-mas-abalynda-kztchnn-murdun-syndyra-kojgon



Добавить комментарий