Ырчы Гүлнур Асанова казак кызына салыштыргандарга нааразычылыгын билдирди

28 мая 2019 13:59 3290 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кыргыз эстрада ырчысы, актриса Гүлнур Асанова өзүн казак кыздарына теңегендерге нааразычылыгын билдирди.

Бул тууралуу ал:

“Болду да эми. Биринчисин жылмайып 5 жыл мурун окуп койгом, экинчисин аа кокуй дедим. Эми үчүнчүсүндө жагымсыз болот экен чынында! Мен кыргыз кызымын!!!”, -деп абдан жини келип турганын билдирди.

Ырчынын айтымында аны буга чейин дагы казак кыздарына теңеп, алар менен салыштырып келишкен. Ага кошумча ортодо кандайдыр бир арыктоочу дарынын жарнамасына да сүрөттөрү кетип калган эле.

Гүлнур Асанова бул жагдайды да таң калуу менен кабыл алган.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-glnur-asanova-kazak-kyzyna-salyshtyrgandarga-naarazychylyn-bildirdi



Добавить комментарий