Ырчы Гүлнур Асанова кайрымдуулукка 100 миң сом которду

8 июля 2020 15:39 967 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Гүлнур Асанова кайрымдуулукка 100 миң сом которду. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ырчы айым өлкөдө күч алган илдет канчалаган өмүрлөрдү алып жатканын айтып, кыргыз элин ынтымактуу болууга чакырды.

“Кыргыз элим Үркүндө да мындай кыйынчылыктарын башынан өткөрүп, ынтымак менен уругубуз уланып, кыргыз деген улут жоголуп кетпеди.Биргеликте, ынтымакта буйруса бул илдетти жеңебиз! Мындай апаат менен жалгыз эле биз эмес, бүткүл дүйнө күрөшүп жатат. Кыргыздын кызы катары мен дагы өз салымымды кошууну туура көрдүм. Мындай учурда четте карап туруу мүмкүн эмес. Ушул апаат башталганда муктаждарга чын ыхласым менен кол сунуп келдим, дагы да жардам берүүнү чечтим. Өзүмдүн атымдан 100 000 сом «Мээримдүү энелер» кайрымдуулук жамаатына котордум», - деп жазган ырчы айым.

Ошондой эле, Гульнур Асанова учурда ооруп жатканын айтты, бирок кайсы илдетке чалдыкканын ачыктаган жок.

“Өзүм ден соолугума байланыштуу бул жүрүшкө кошо бара албай турам. Оору менен күрөшүүгө туура келип жатат. Туура түшүнөсүздөр деп ойлойм. Менин элиме кылган жардамым ушул, колумдан келгени. Ооругандарга Аллахым шыпаа берсин», - деп жазган ал.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-glnur-asanova-kajrymduulukka-100-mi-som-kotordu



Добавить комментарий

  • Саламатсызбы урматту Гулнур Асанова эже башыма оор акбал тушту жардам берип койунузчу алланын жолуна суранам 552 29 87 77