Ырчы Джонни үйлөндү
“Күттүм ай” аттуу ыры менен калың элге таанылган ырчы Джонни үйлөндү. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Ырчынын айтымында, сүйүктүүсүн кыргыздын салтын кылып, кол менен алып кеткен.
“29-ноябрда сүйүктүүмдү кол менен алып кеттим. Кайын-журтум кыз узатуу тоюу менен узатышты.
Буюрса, Алла Тааланын каалоосу менен, үй-бүлөөлүк жашообузду баштадык. Сиздерден келген, көптөгөн жылуу каалоо-тилектердин баардыгын калтырбай окуп жатабыз. Ар бириңиздерге терең ыраазычылык. Бизге каалаган тилектер, сиздерге эки эселеп келсин”, - деп жазды ырчы.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-dzhonni-jlnd
Добавить комментарий ×