Ырчы Дайыр Исмадияров КТКР менен болгон чырдын аягына чейин чыгарын айтты

22 января 2020 10:01 1222 Barometr
Поделиться в:
ok

Эстрада ырчысы Дайыр Исмадияров КТРК Музыка каналы менен болгон чырдын аягына чейин чыгарын Instagram баракчасына жазды.

Ырчынын билдирүүсү боюнча КТРКнын көркөм кеңеши анын "Биз баскан жолдор" аттуу клибин каналга туура келбейт, изденүү жок, аткаруу чеберчилиги төмөн деген негиз менен эфирден кетирген эмес.

"Урматтуу достор кечээ жазган постумдан кийин бүгүн Музыка каналынан ушундай кат келиптир. Канат Култаев эч нерсе деп комментарий айтпаптыр, бирок Музыка каналынын башкы адамы катары бир ооз сөз айтыш керек болчу. Бул нерсени аягына чейин чыгайын деп чечтим. Ушунча каражат, эмгек кетирип жасаган жумушуңду 5-6 адам эле жактырбай койсо, Мамлекеттик каналдан кетпей калышы кандай кылык?" — деп ырчы суроо салган.

Исмадияровдун бул билдирүүсүнө комментарий жазгандар да көп.

Мисалы клипмейкер Эрнист Сыдыков "Ушул комиссияда отургандарга бир суроо бергим келе беретта "баарыңар биригип чогуу бир клип тарткылачы" деп, колдоруна камера берип койсок кандай клип тартышат экен" деп ал көркөм кеңештин мүчөлөрүнө нааразычылыгын билдирди.

Ал эми Бактыгүл аттуу колдонуучу "Клип эң туура маселени көтөрүп чыккан!!! Ачуу чындык көбүнө жага бербейт!!! Мен силерди колдоймун эң соонун клип, эң жогору аткарылган!!!" деген комментарийин жазган.

Учурда ырчынын YouTube каналган жарыяланган клиби 420 миңден ашык жолу көрүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-dajyr-ismadiyarov-ktkr-menen-bolgon-chyrdyn-ayagyna-chejin-chygaryn-ajtty



Добавить комментарий