Ырчы Чолпон Талипбек ачык кийинген кийимине тийишкен күйөрманы менен урушуп кетти

29 ноябрь 2018 10:30 3013 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Чолпон Талипбек ачык кийинген кийими үчүн күйөрманы менен урушуп кетти. Белгилүү болгондой эле, учурда ар бир интернетке кирген адам инстаграм баракчасы менен жашап, шоу бизнестегилердин жүргөн-турганы, кийген кийимине чейин сындап, түз айтып калышты. 

Ачык кийинген Чолпонго күйөрманы: "Демократия деп эле өз билгенин кыла берген туура эмес. Мындай ачык кийинген ырчылардын башын кесип салыш керек"-деген билдирүү калтырды. 

Ал эми ырчы айым: "Сиздей болгон адамдарды сотко бериш керек"-деп жооп берди. 

Мындай терс пикирлер Чолпон Талипбектин кийинип жүргөн стилине карата көп айтылат, бирок өтө ашыкча кеткен, башкача айтканда "башын кесиш керек"-деген чакырык таштаган билдирүүгө ар бир жаран жооп бериши керектигин ырчы айым белгилеп кетти. 




Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-cholpon-talipbekke-kjrmany-sendej-achyk-kijingen-yrchylardyn-bashyn-alyp-salysh-kerek-dedi



Добавить комментарий