Ырчы Чолпон Талипбек Кыргызстандагы 6-миллионер болду

1 мая 2019 13:29 7296 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

“Non Stop” тобунун мурдагы солисти, учурдагы жеке ырчы Чолпон Талипбек Кыргыстан боюнча инстаграмдагы милионерлердин катарына кошулду. Бул тууралуу ырчынын инстаграмдагы баракчасынан көрүүгө болот.

Маалым болгондой, буга чейин “инста милионерлер” жалаң гана шоу бизнестин өкүлдөрү болушууда. Эң алгач миллионер болуп Самара Каримова, андан кийин Анжелика Кайратова, Нурлан Насип, Асель Кадырбекова жана Айгерим Расул кызы аталган эле. Эми 6-болуп ырчы Чолпон Талипбектин катталуучуларынын саны 1 миллионго жетип отурат.

Чолпондун чыгармачылыгы, жашоосу тууралуу жазгандарын инстаграм аркылуу бир гана Кыргызстандын тургундары эмес Казакстандыктар да окушат.

Бирок ырчы башкалардан айырмаланып миллион катталуучусу болгонун жар салып сүйүнчүлөгөн жок, анын айрым катталуучулары гана куттуктап жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-cholpon-talipbek-kyrgyzstandagy-6-millioner-boldu



Добавить комментарий