Ырчы Бурул Арунова үй-бүлөлүк зомбулукка кабылды

17 июня 2020 15:16 1321 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Бурул Арунова үй-бүлөлүк зомбулукка кабылды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

"Бул адам менен баш кошкондон кийин чыныгы жаман, азап күндөр башталды. Үйлөнгөндөн кийин өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүп, мага көп кордук көрсөтө баштады. Ажырашуубуздун себеби үй-бүлөлүк зомбулук. Бул нерсени жашырып келгем, себеби жаңы үй-бүлөдө кыйынчылык, уруш-талаш болот, аялзаты чыдаш керек, үй-бүлөдө болуп жаткан маселени эч кимге айтпаш керек, жарыялабаш керек деп. Бирок убакыт өткөн сайын абал курчуп, мен ден соолугумдан ажырай баштадым. Ажырашууну чечтим”, - дейт ырчы айым.

Жолдошу менен январь айында ажырашканы менен азыркы күнгө чейин коркутуп, сөгүп, тынчын алууда. Март айында мурдагы жолдошу тарабынан кол салуу болгон. Укук коргоо кызматына кайрылганы менен, аталган инсанга карата айып пул гана салынаары айтылган. Учурда соттук иш уланууда.

Белгилей кетсек, Бурул Арунова жана Эрнис мырза 2019-жылы баш кошушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-burul-arunova-j-bllk-zombulukka-kabyldy



Добавить комментарий