Ырчы Бактыгүл Бадыевага операция жасалып учурда ооруканада

9 сентября 2020 14:00 2541 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Бактыгүл Бадиевага операция жасалып учурда ооруканада. Бул тууралуу ырчы өзүнүн соц тармактагы баракчасына калтырган маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Ырчынын өзүнүн айтымында, ал жеке кардиология борборлордун биринде жатат.

“Мага ооруну басаңдатуучу укол бергенден кийин жакшы болуп, сиздер менен баарлашып жатам. Ооруканадан алаксып, оору жөнүндө унутуу үчүн сиздер менен байма-бай түз эфирден сүйлөшүп турам. Күн сайын абалым жакшырууда. Врачтар бас дегенинен алардын айтканын жасап басып жүрөм. Кудай жакшы көргөн адамына ушундай сыноо берет экен”, - деген билдирүү калтырды ырчы.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-baktygl-badyevaga-operaciya-zhasalyp-uchurda-oorukanada



Добавить комментарий