Ырчы Аслан Гусейнов жол кырсыгынан каза болду

5 мая 2021 10:02 3337 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда туулган 53 жаштагы азербайжандык ырчы Аслан Гусейнов жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу журналист Ассоль Молдокматованын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, ырчы жол кырсыгынан улам каза болгон.

Жол кырсыгы, 4-май күнү эртең менен Баку-Газа унаа жолунун 60-чакырымында болгон. BMW үлгүсүндөгү унаасын айдап келе жаткан ырчы рулду башкара албай калган, натыйжада, унаа КамАЗ менен кагышкан.

Мындан жети күн мурун Аслан Гусейновдун апасы каза болгон. Ал апасын жерге берип, Бакуга кайтып келе жаткан. Ырчынын артында бир уул, бир кызы калды.

Аслан Гусейнов азербайжандын популярдуу ырчысы. Анын ата-энеси 1937-жылы сталиндик репрессия жылдарында Казакстандын Чимкент облусуна сүргүнгө айдалып кеткен. Андан кийин ырчынын ата-энеси Кыргызстандын Чүй облусуна көчүп келишкен. Дал ушул Чүйдө ырчы Аслан Гусейнов жарык дүйнөгө келген.

Аслан Гусейнов ырчылык карьерасын Кыргызстандан баштаган. Ал "Жаным" аттуу ыры менен Кыргызстанга таанылган. 

Ырчы Азербайжанда гана эмес, Кыргызстанда, Казакстанда жана Борбордук Азияда кеңири таанымал ырчы. Анын репертуарында эстрадалык, фольклордук жана патриоттук чыгармалар бар. Ал Азербайжандын Ички аскерлеринин аскер оркестринин солисти болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-aslan-gusejnov-zhol-kyrsygynan-kaza-boldu



Добавить комментарий