Ырчы Асель Кадырбековага дагы бир операция ийгиликтүү жасалды

30 сентября 2020 17:03 1175 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Асель Кадырбековага кече, 29-сентябрда дагы бир операция жасалды. Бул тууралуу ырчы өзүнүн соцтармактагы баракчасына калтырган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Бүгүн дагы бир операцияны башыман өткөрдүм. Коркуп жаткам. Бирок, баары жакшы болду. Дарыгерлерге рахмат”, -деген билдирүү калтырган.

Эске сала кетсек, 26-июнда Бишкектин Медеров менен Тыныстанов көчөлөрү кесилишкен жерде эки унаа катуу сүзүшкөн. Андагы унаалардын бирин ырчы Асель Кадырбекова башкарып келе жаткан. Кырсык болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, ырчы айым оор абалда Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-asel-kadyrbekovaga-dagy-bir-operaciya-ijgilikt-zhasaldy



Добавить комментарий