Ырчы Асель Кадырбекова ооруканадан чыкты

4 августа 2020 10:33 2456 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Асель Кадырбекова ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өздүк булактарга таянып "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, ырчы айым үйүнө чыгарылды. Учурда үй-бүлөсүнүн жана туугандарынын жанында. Анын бүгүнкү күнгө абалы жакшырып калды. Бирок, толук калыбына келүүгө убакыт керектелээри айтылды.

Эскерте кетсек, 26-июнда Бишкектин Медеров менен Тыныстанов көчөлөрү кесилишкен жерде эки унаа катуу сүзүшкөн. Андагы унаалардын бирин ырчы Асель Кадырбекова башкарып келе жаткан. Кырсык болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, ырчы айым оор абалда Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

Ал эми, Бишкек ШИИББи кырсыкка себепкер болгон ГБР унаасынын айдоочусун Свердлов райондук соту тарабынан 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкканын маалымдаган.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-asel-kadyrbekova-oorukanadan-chykty



Добавить комментарий