Ырчы Арсен кыздуу болуп, элге сүйүнчү айтты
Поделиться в:
Ырчы Арсен кыздуу болду. Бул тууралуу ал соцтармак аркылуу элге сүйүнчү айтты. Анын инстаграмм баракчасындагы маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Арсендин жубайы Бегайым кече, 12-октябрда көз жарган.
"Суйунчу туугандар, кыздуу болдум. Кудайга миң мертебе шүгүр. Жөжөлөрүм менин, өмүрү узун, келечеги кең, ыйманы бекем болсун. Элибизде тынчтык болсун, жакшылык болсун", -деген билдирүү калтырган.
Жубайлар 2018-жылы баш кошушуп, 2019-жылы кыздуу болушкан
Ырчы Арсен жана жубайы Бегайым экинчи ирет кыздуу болушту.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-arsen-kyzduu-bolup-elge-sjnch-ajtty
Добавить комментарий ×