Ырчы Анжеликаны базарда соода кылган аял кучактап... Видео

9 марта 2020 14:00 1991 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Анжелика Кайратова майрамда базарда соода кылган кыз-келиндерге гүл белек кылды. Анын видеосу ырчынын Instagram баракчасына жарыяланды.

Видеодо ырчы кыз базарда соода кылып отурган аялдарга белек берип, айрымдарын беттен сүйүп, колун кысып жатканын көрүүгө болот.

Соода кылган аялдардын бери ырчыны бекем кучактаганы да видеодо даана көрүнөт.

"Билем гүл табылат, бирок, убакыт, көңүл, айла канча кымбатыраак. Бир айдан бери белек тараттык көчөдө (кечээ “Бактылуу айым” көрсөтүүсун ким көрдү?) Колумдан келсе Кыргызстанды айланып бардык айымзатты, апаларды куттуктайт элем. Эмки жылга ниет койдум. Бар болуңуздар!" - деп жазды ырчы.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы аялдарды 8-март майрамы менен куттуктаган.

   

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-anzhelikany-bazarda-sooda-kylgan-ayal-kuchaktap-video



Добавить комментарий