Ырчы Анжелика жыйырма күндө 10 өлкөгө саякат жасамай болду

27 июня 2019 17:33 2548 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Анжелика Кайратова 20 күндүн ичинде он өлкөнү кыдырып саякат жасамай болду. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына маалымдады.

“20 күндө 10 өлкө-саякаттоо сапарым башталды. Биринчи өлкө-менин сүйгөн шаарларымдын катарын толуктаган Баку шаары. Тез убакыттын ичинде кооз шаарга айланганы менен, эли жөнөкөй жашоодо күн өткөрүп келет. 70 пайыз эркектер жумуш кылып, тейлөө кызматында иштешет.Түрк тилдүү элдин меймандостугу жана ашканасы өзгөчө жагат. Аба-ырайы +38C.Нымдуулук басым жасайт”,-деп маалымдады ырчы.

Эскерте кетсек, буга чейин ырчы үй-бүлөсү менен Египетте эс алган.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-anzhelika-zhyjyrma-knd-10-lkg-sayakat-zhasamaj-boldu



Добавить комментарий