Ырчы Анжелика уйкусуз түндөрдү өткөрүп жатканын жазды
Ырчы Анжелика Instagram баракчасына акыркы кездери анда уйку жок экенин жазды. Көрсө кептин баары башкада экен. Ырчы соңку кезде эмне кылып жатканы тууралуу буларды жазды.
“Менде эмнеге уйку жок дейсиздер? Жоопкерчилик. Ичиме батпаган идеялар! Ашып- ташып жаткан кыялдарым. «Эне жүрөгү» тасмасынын экинчи бөлүгүнө тартуу иштерин пландап, аз келгенсип «Даамдуу-жашоо» деген китеп жазып баштап алгам. Айтор, менин жан дүйнөм кайнап жатканын айткым келди. 30жашка толуп, акты-актай, караны-карадай көрүп баштадым. Реалдуу жашоондогу термометриңди минуска түшүрүп албоонун себептери, абалдын таттуусу, ачуусу... “мелтиреген булактай береке” , “жердей сабыр”, “күндөй нур”, карамельдей изюминка... Долбоорлордун эң алгачкы ачылышы “CARAMEL” борбору. Таттуу жашоого жетелеген 24 саат бою уктабаган шаар, ресто-салон... аз күндө”, — деп жазды ал.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-anzhelika-ujkusuz-tndrd-tkrp-zhatkanyn-zhazdy
Добавить комментарий ×