Ырчы Анжелика мурдагы жолдошу менен жараштыбы? (Сүрөт)

10 августа 2020 11:13 5845 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Анжелика мурдагы жолдошу Урмат Бекболиев менен чогу түшкөн сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу ырчынын социалдык тармактагы баракчасына таянып “Барометр” билдирет.

Кечээ, 9-августта ырчы Анжеликанын кызы Элима 10 жашка толуп, үй-бүлөсү менен аны куттукташты.

Анда  кыздардын атасы Урмат Бекболиев дагы туулган күнгө келип, кызын куттуктап, мындан 5 жыл мурун түшкөн үй-бүлөлүк сүрөтүн жаңылап тартышты.

“Беш жыл айырмасы бар сүрөт. Экинчи сүрөттө кандай турсак, ошондой түштүк. Баарыбыздан дагы Айлиндин түшкөнү аябай окшошуптур. Айыманын бою бизден ашты. Айтор, баары жакшы, шүгүр бизде”, - деди Анжелика.

Белгилей кетсек, Анжелика жана Урмат Бекболиевдин ортосунда Айыма, Элима жана Айлин аттуу кыздары бар.


Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-anzhelika-murdagy-zholdoshu-urmat-bekboliev-menen-zharashtyby-srt



Добавить комментарий