Ырчы Анжелика карантин аяктары менен ресторан менен СПА салон ачат
Эстрада ырчысы Анжелика карантин менен өзгөчө абал аяктары менен ресторан жана СПА салонун ача турганын жарыялады.
“Буйруса карантин бүтөөрү менен туулган күнүмө карата ресторан менен СПА салонун ачып жатам. Ал жерде косметиканын түрү сатылат. Өзүм ар жума сайын бекер тренинг жана мастер класс өтөм. Аракетчил айымдарга ар дайым эшик ачык», — деп жазды ал.
Эске салсак, Кыргызстандын бир катар аймактарында 30-апрелге чейин өзгөчө абал улантилип, карантин режими киргизилген. Мындай аракеттердин бардыгы коронавирус илдетинин алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө үчүн жасалууда.
Бишкек шаарында дагы ири соода, көңүл ачуучу жайлар ишин токтоткон.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-anzhelika-karantin-ayaktary-menen-restoran-menen-spa-salon-achat
Добавить комментарий ×