Ырчы Анжелика бир топ арыктаганын кабарлады: "Толкунданып толуп кетпесем, келбетим азыр идеалдуу"

30 мая 2019 12:05 5737 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Анжелика Кайратова учурда туулган күнүнүн урматына өткөрүлүүчү жеке, отчёттук концертине кызуу даярдык көрүп жаткан чагы. Ырчы бул тууралуу жаңылыктары менен өзүнүн интернет баракчасынан бөлүшүп келет.

Бул жолу ырчы арыктап келбети идеалдуу болуп калганын кабарлады.

“Экран аркылуу +7 килограммга чоңураак, толугураак көрүнөбүз. Эгерде реалдуу жашоодо кандай болсоң – эл ошондой кабыл алсын десеңиз 7 килограммга арыктоо керек. Концерт алдында азыр келбетим идеалдуу болду. Толкунданып кайра толуп же арыктап эле кетпесем...”, -дейт Анжелика келбети жөнүндө.

Сүрөттөрдөн чындыгында ырчы айымдын бир топ салмак таштап алганын байкоого болот.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-anzhelika-bir-top-aryktaganyn-kaarlady-tolkundanyp-tolup-ketpesem-kelbetim-azyr-idealduu



Добавить комментарий