Ырчы Айпери Кубик кызы жолдошу менен жаңы бизнес баштады: "Гүл дүкөнүмдү апама белек кылдым"

29 апрель 2019 13:00 5886 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Айпери Кубик кызы жакында эле экинчи ирет көз жарып, бактылуу эне, сүйүктүү жар, таанымал ырчы болуп гана калбастан өзүнүн жеке бизнесин ачты. Бул тууралуу ырчы Barometr.kg сайтына берген маегинде айтып берди.

-Саламатсызбы Айпери, алгач эле балдарыңыз тууралуу суроо берели. Эки баланын энеси болгон кандай экен? Кыйналган жоксузбу?

-Бала деген бакыт да, балдарым жанымда болуп, жытын жыттап турганга эмне жетсин. Балам эч качан жумушума тоскоол болбойт деп ишенем.

-Гүл дүкөнүн ачтым деп жаттыңыз эле...

-Ооба, буга чейин гүлдөр магазинин ачтык эле, бирок ал жеткирип берүү кызматы менен гана иштечү. Эми мына акында гүлдөр дүкөнүн ачтык. Буюрса эми апамды күтүп жатабыз, ал келсе бир жуманын ичинде иштетип баштайт.

-Апам деп калдыңыз, өзүңүздүн апаңызбы же кайненеңизби?

-Жок өзүмдүн апам иштетет. Менин кайната, кайненем бул жакта эмес да, алар Сүлүктү шаарында турушат. Апам өзү гүлдү жакшы көргөн адам болгон үчүн гүл дүкөнүн ачып атамдын үй-бүлөсүнө белек кылып жатам.

-Гүлдөн башка да жаңы бизнес баштаптырсыз, бизнестин жолуна кадам таштоодо кыйынчылыктар болгон жокпу?

-Азыр кичинекей ымыркайлардан баштап мектеп окуучуларына, айымдарга, мырзаларга кийимдерди, ага кошумча үй тиричиликке колдонула турган текстиль буюмдарын да түздөн-түз Түркия менен келишим тузүп ошонун негизинде алып келип жатабыз.

-Бизнестин башын баштаптырсыз, эми чыгармачылыктан алыстап кетпейсизби?

-Азыр эми чындыгында ыр жаздырып, клип тарттырып, фотосессияда жүргөнгө менде убакыт аз болгондуктан бир аз жетишпей калып жатам. Кечинде жетишип тойлорго барып келип жатам. Кандай болгон күндө да чыгармачылыгымды таштабайм. Балам да бир аз торолуп калса, буюрса сөссүз клип тарттыруунун үстүндө иштейм, ансыз кантип болсун.

-Жаңы бизнесиңизди жолдошуңуз белек кылдыбы?

-Ошондой десем да болот, жолдошум экөөбүз чогуу түрк туугандар менен шериктештик иретинде баштадык.

-Маегиңизге чоң рахмат, ишиңизге ийгилик!

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-ajperi-kubik-kyzy-zholdoshu-menen-zhay-biznes-bashtady-gl-dknmd-apama-belek-kyldym



Добавить комментарий