Ырчы Айпери Кубик кызы кош бойлуу учурунда коркунучтуу тасмага тартылууда

20 февраль 2019 09:49 1916 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Айпери Кубик кызы киного тартылууда. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.

"Салам достор! Жаңылык! Бизде жаңы кино, триллер тартылып жатат. Буюрса жакында чыгып калат. Көптөн бери киного тартыла элек болчумун. Чакан болсо да роль жаратууга мүмкүнчүлүк болуп, өзүмө жараша образ болду. "Мурас" аттуу кинотасмасы", -деп пост жазган Айпери азыркы учурда кош бойлуу. Андыктан коркунучтуу кинодо Айпери кош бойлуу аялдын ролун жаратат.

Бул жаңылыкrа көпчүлүк "ырчылар ырдап эле жүрө берсе", "мен төрөптүр деп ойлогом да" деп сынга алса, башкалар ырчыны колдоого алып "кинону чыдамчыздык менен күтөбүз" дешүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-ajperi-kubik-kyzy-kosh-bojluu-uchurunda-korkunuchtuu-kinogo-tartyluuda



Добавить комментарий