Ырчы Айгүл Чалова жолдошу башкага үйлөнүп кеткенине нааразы болуп, таарынычын айтты
Ырчы Айгүл Чалова жолдошу кызын, үй-бүлөсүн таштап башкага үйлөнүп кеткенине нааразы. Бул тууралуу ырчы өзүнүн соц тармактагы баракачасына калтырган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Биздин атабыз үйлөндү. Бизди таштап кантип бирөө менен бактылуу болууну каалады экен? Кызыңды таштап кантип бирөөдөн бала күтөсүң? Сен кандай атасың? Кантип бирөө менен бактылуу болууну кааладың? Сага болгон ишеничимди тепселеп кеттиң. Сенин кылган мамилеңден адамдарга болгон ишеничимди жоготтум, эчкимге ишене албайм. Эл курган жашоону куруп, кызыбызды жетелеп дагы көп балалуу болуп, бактылуу үй-бүлөөлөрдүн катарын толуктап жашасак болмок. Сен мага жоолукпаганда балким бактылуу болмокмун. Мындай аягы суюк акмак экениңди билгенде жаныма жолотпой элем. Алдыңа тепкенге машина алып, кичине жумушуң жүргөнгө көптүңбү? Катын алганга да жетишипсиң, колуңда жок болсо дагы сезимиңди аяп, сыйлап, сени жакшы көрүп жашадым эле. Кызыңды ачка-ток таштап коюп кантип үйлөндүң акылга сыйбас нерсе. Менин оордума бир туүган эжеңди коюп көр. Кызым экөөбүздүн дагы убал сообубуз бар ,кудайга койдук сени, биздин дагы кудай бар Жээналиев Жакшылык Надырбекович. Мейли, кылаарың ушул болсо эмне демек элем бактылуу бол. Аялы менен жашап жатып үстүнө аял алган эркек аман болсун”, -деген билдирүү калтырган ырчы.
Эске сала кетсек Айгүл Чалова 2016-жылы Жумгалга келин болгон. Жубайлар Айбийке аттуу бир кыздын ата-энеси.
Добавить комментарий ×