YouTube каналында жаңы хит: Балдарга арналган ырды 7 млрддан ашуун адам көрүп, Despacito хитин басып өттү

3 ноября 2020 13:14 3407 Barometr
Поделиться в:
ok

Кичинекей акула жөнүндө клип видео хостингде эң көп көрүлгөн видеого айланды. Бул тууралуу Rambler медиа порталы жазып чыкты.

Бүгүнкү күнгө чейин аны 7 миллиарддан ашуун адам көрдү.

Ал эми, буга чейин YouTube каналында эң популярдуу делген Луис Фонсинин Despacito ырын 5 миллиард адам  көргөн.

Ошол эле учурда, YouTube каналында жаңы чемпион болгон Baby Shark ырына 10 миллион адам дизлайк койгон. Baby Shark ырын жаш ырчы Хоуп Сегойн аткарган. Клип YouTube каналына 2016-жылдын июнь айында жарыяланган.

Ссылка: https://barometr.kg/youtube-kanalyndagy-zhay-hit-baldarga-arnalgan-yrdy-7-mlrddan-ashuun-adam-krp-despacito-hitin-basyp-tt



Добавить комментарий