YouTube адамдарды мазактаган билдирүүлөрдү чектей турган жаңы функциясын ишке киргизди

4 декабря 2020 14:41 784 Barometr
Поделиться в:
ok

YouTube терс билдирүүлөрдү жарыялаганга чейин колдонуучудан комментарийлерин кайра карап чыгууга мажбурлай турган жаңы функцияны ишке киргизгенин жарыялады. Бул тууралуу компаниянын сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Гуглдун жасалма интеллекти адамдардын комментарийи башкаларды мазактап, кемсинтсе аны аныктап, эскертип турат. Колдонуучулар терс сын-пикирлерди видео комментарийлер бөлүмүнө жайгаштырууга аракет кылганда, аларды урматтап-сыйлап жазууну эскерткен функциясы пайда болот.

Функция ар бир комментарийдин алдында көрүнбөйт, бирок, тутум достук эмес деп эсептегендер үчүн ар дайым экертүү берип турат.

"Комментарийлер авторлордун аудитория менен байланышуусунда маанилүү ролду ойной тургандыгын билебиз. YouTube дагы сый-урматтуу баарлашууга түрткү берүү үчүн, биз колдонуучуларга алардын комментарийи башкаларга жагымсыз болуп калса, алдын-ала ойлонууга мүмкүнчүлүк берүүчү жаңы функцияны ишке киргизип жатабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, компания блогерлер үчүн өз каналындагы жаман комментарийлерди окубай коюуга мүмкүндүк берген чыпканы сынап баштайт. 2021-жылдан тартып, YouTube каналга катталучулардан куугунтуктоолордон жана басмырлоодон алыс болуу үчүн жынысын, жыныстык ориентациясын, расасын жана улутун ачыкка чыгарууну суранат.

Ссылка: https://barometr.kg/youtube-adamdardy-mazaktagan-bildirlrd-chektej-turgan-zhay-funkciyasyn-ishke-kirgizdi



Добавить комментарий