Күмөндөр Абылов: "Эмне жазсаң эле шалтактата сөгүп-сагып, ашмалтай болуп бүттүк"

14 августа 2019 22:47 3090 8 Barometr
Поделиться в:
ok

КРнын эл артисти, куудул, обончу Күмөндөр Абылов социалдык тармактан элди ынтымакка чакырды.

"Элди ынтымакка чакырып, жакшы ойлорду бөлүшүүгө, маанайды көтөрүүгө, элге пайда алып келип, зыяндуу нерселерден арылууга колдонсок, жакшы болот эле... Саясатчылардан да мурда элдин ыркын ушул ФБдагы ыйкы-тыйкы бузмай болду. Эмне жазсаң эле шалтактата сөгүп-сагып, улуу-кичүүсү ким экенине карабай, ашмалтай болуп бүттүк. Саясатчылардын талашчусу белгилүү. Бизге, жөнөкөй элге эмне жок дейм да... Алар баарын баштап, элди кырылыштырып коюшуп,  элден жеген байлыгына ныксырашып олурушканын деле билебиз. Баарын эле билебиз. Анан эле эмне болуп жатабыз? Жанагы фейк болуп алышып, Манас атабыздан өйдө сөккөндөр деле жыргап кетишкен жок. Жалаң элдин нервин жеп, күчөтүп жаткандар ошолор. Азыр ким эмне жазса эле, регион боюнча жаакташып, жада калса жөнөкөй эле бир сөз үчүн тытышып кетчү болдук

Келгиле туугандар! Ыдырап баратабыз! Ынтымакка келип, эртерээк эсибизди жыялы! Адегенде менден кеткен жерлери болсо кечирим сурайм! Кечиргиле! Уруштун арты эмне менен бүтөөрүн билебиз! Улуу элбиз! Баарыңарды ынтымакка чакырам!Бири-бирибизди кечиришип, түндүк-түштүк дебей, бузукулардын тилине кирбейли!

Албетте ар кимде бар кемчилик. Ошентсе да келгиле! Ушул максатта кимде кандай ойлору болсо, туура көрбөсөк деле урушпай-талашпай, балдарга үлгү бололу!?", - жазды куудул.

Ссылка: https://barometr.kg/yntymakka-keleli



Добавить комментарий

  • Туура айтасыз.Менда кошулам ойюнузга?
  • Бизди н бир ак сакалдуу акыл айткан адамдарыбыз барбы?Кыргызы эли эмне болуп атабыз!? Аябай тажадым ушул саясатты угуп отуруп, ЭМНЕ кылабыз,кандай айда калабыз,биригип,бар акылга келип ,"личный амбицияны "калтырып ,бир акылга келеличииит
  • Кечирдим байке эн туура жазгансыз мен Сизге толук кошулам мен да кечирим сурайм
  • Кечирдим жезде. Темирдей тартип,закондон коркуу болбосо онолуу болбойт. Элдин ырыскысын ичип жегендерди,тундук-туштук деп экиге болгондорду АТУУГА кетирип керек.Кичине сезуу,коркуу,тоотуп реакция беруу болсо анан ТАРТИП орнойт☝☝👍👍
  • 👍👍👍👍👍🙏🙏🙏 туура айтасыз
  • Кумондор байке туура айтат. Биздин эл эмнеге мынча маданиятсыз болуп кеттиби? Уят создорду жазып, бийликтин башынан ылдый бокту куюп, тундук,- туштукто болуп болунуп эле жатышат'. Биз бир элбиз го айланайын калайык как, ойлонуп жазгылачы. Кумондор байке сиз абройлуу адамсыз, сизге окшогон улуулар ушундай пикирлерин айтып, УлГУ болуулары керек.
  • Кумондор агай эн туура айтыпсыз. Сиздей акылмандар кобойуп, Кыргыздар тундук туштук деп болунгонду токтотуп, ынтымакта болбосок жакын арада онолбой калдык.