Кыргызстандын бардык мечиттеринде Мухаммед пайгамбардын исламдагы орду тууралуу айтылат

30 октября 2020 11:38 1594 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 30 октябрда  ыйык жума күнү Кыргызстандын бардык мечиттеринде Мухаммед пайгамбардын  исламдагы орду жана ага болгон сүйүу туурасында баяндамалар жасалат. Бул тууралуу  Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кайрылуусу: 

"Урматтуу ага-инилер, эже-карындаштар! Раби-ул-Аввал айы Исламдагы эң маанилүү айлардын бири. Бул айда дүйнө жүзүнө мээрим болуп жиберилген сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) жарык дүйнөгө келген. Алла Таала айтат: «Биз сени (Мухаммедди) ааламдарга жакшылык кылыш үчүн жибердик» .

Тилекке каршы акыркы убактарда пайгамбарыбызга карата ар кандай күчтөр тарабынан чагымчылдык, маскарлап, каралаган маалыматтар тарап жатат. Мындан улам Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы чагымчыл маалымат тараткандарга тынчсызданып, бүгүн, 30-октябрь жума күнү өлкөнүн бардык мечиттеринде Мухаммед пайгамбарыбыздын Исламдагы орду жана ага болгон сүйүү туурасында баяндамаларды жасоону көздөп жатат.

Тилекке каршы, биздин мусулмандардын арасында Исламдагы пайгамбарыбыздын инсандык, адамдык асыл сапаттары жөнүндө жетиштүү маалымат жок. Пайгамбарыбыз эң айкөл жана асыл мүнөздүү адам болгон!

Алла Таала мындай дейт: «Эй, ыймандуулар! Аллахтын элчиси, силер үчүн Аллахка жана Акырет Күнүнө үмүт кылып, Аллахты көп эстегендер үчүн сонун бир мисал болду» 

Пайгамбарыбыздын ар бир сөзү, үзүрлүү эмгеги, анын турган турпаты жада калса унчукпай турушу биз мусулмандар үчүн чоң өрнөк. Аны ээрчиген адам үммөттүн эң мыктыларынын бири болот. Ушул Раббиуль-Авваль айда сүйүктүү Пайгамбарыбызга (САВ) салаваттарды көп айталы ."

Ссылка: https://barometr.kg/yjyk-zhuma-kn-lknn-bardyk-mechitterinde-pajgambarybyzdyn-islamdagy-ordu-tuuraluu-bayandamalar-zhasalat



Добавить комментарий