Япониянын 200 миңге жакын тургуну Токио Олимпиадасын өткөрүүгө каршы чыгышты

8 мая 2021 11:26 1222 Barometr
Поделиться в:
ok

Япиониялыктар Токио Олимпиадасын өткөрүүгө каршы чыгышууда. Бул тууралуу Change.org сайты жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, Токиодогу Олимпиада оюндарын токтотууну талап кылган онлайн петицияга 190 миңден ашуун адам кол койду.

"Биз ден-соолугубузду жана өмүрүбүздү коргоо үчүн Токио олимпиадасынын токтотулушун талап кылабыз. Учурдагы кырдаалды эске алганда, Олимпиада оюндарынын коопсуз болушу мүмкүн эмес", - дейт Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах.

Кайрылуунун автору, Токионун губернаторлугуна бир нече жолу талапкерлигин койгон юрист Кенжи Уцуномия. "Биз Олимпиаданы токтотуу үчүн колдо болгон ресурстарды колдонуп, коронавирустун жайылышын алдын алууга жана адамдардын өмүрүн коргоого чакырабыз", - деди ал.

Токиодо, Осакада жана Япониянын башка аймактарында коронавирусту жуктуруу учурлары көбөйгөндүктөн, чектөө киргизилген. Ал 11-майга чейин иштейт, бирок анын узартылышы толук ыктымал.

Токиодогу Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндар 2020-жылы жайында өтүшү керек болчу. Бирок, коронавирус пандемиясына байланыштуу, аларды 2021-жылга жылдырууга туура келди. Олимпиада 23-июлдан 8-августка, Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин пландаштырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyanyn-200-mige-zhakyn-turgunu-tokio-olimpiadasyn-tkrg-karshy-chygyshty



Добавить комментарий