Япониялык окумуштуулар учуп жүрүүчү кол чатыр ойлоп табышты
Кожоюндун үстүндө учуп жүрүүчү кол чатырдан жасалган аппарат жаандуу күндөн адамды калкалайт. Бул аппарат өзүнүн ээсин таануучу камера менен жабдылып, аба-ырайынын өзгөчөлүгүнө жараша жаан же кардан коргойт. Рамблер маалымат булагынын билдирүүсүнө караганда, мындай апппарат ээсинин баскан кадамынын ылдамдыгына карабай, суу тийгизбөө талабын толук аткарат. Аталган товар соода сатык рыногунда орто эсеп менен 2 жылдан кийин гана пайда болот. Азыр анын башкы тапшырмасы, кол чатырдын мындай түрүнүн баасын төмөндөтүү жана колдонуу учурунда кожоюн менен абада сүзүшү калуусун четтетүү болуп эсептелет.
Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyalyk-okumushtuular-uchup-zhrch-kol-chatyr-ojlop-tabyshty
Добавить комментарий ×